winter in kyrgyzstan


Кожомкул Балбан

코좀쿨 장사


(1888-1955)


Атактуу балбан Кожомкул Каба уулу Суусамыр өрөөнүндөгү "8-Март" кыштагында 1888-жылы туулган.

유명한 장사인 코좀쿨 카바 울루는 수사므르 계곡에 있는 '3월 8일' 마을에서 1888년에 태어났습니다.


Кожомкул жаш чагында эле олбурлуу болгон.

코좀쿨은 어린 시절에 건장했습니다.


Жашы 16-17лерге келгенде жылкы кайтарууга өтөт.

그의 나이 16-17세가 되었을 때 목동 일을 수행했습니다.


Өзү менен бирге жылкы кайтарган жигиттердин ичиндеги эң балбаны жана эң жүрөктүүсү болгон.

그는 그 자신과 함께 말을 보살피던 청년들 중에서 가장 힘이 세고 가장 용감했습니다.


Жөө күрөшсө да, атка минип эңишсе да өзү менен жашташ беш-алты жигитке алдырчу эмес экен.

아무 것도 타지 않고 씨름을 하더라도, 말에 타고 경기를 하더라도 그 자신과 동년배 청년 5-6명에 잡히지 않았다고 합니다.


Кожомкул жаш кезинен тарта балбандыкты көп кылган:

코좀쿨은 젊었을 때부터 다양한 힘이 장사임을 보여주는 행위를 많이 했습니다.


мелдешип азоо кунанды көтөргөн, ээр токулуп турган атты үстүндөгү минип турган кишиси менен кошо көтөрүп, цирктин балбандары менен күрөшүп, аларды жыккан.

튼튼한 망아지를 싸워서 들어올렸고, 안장이 놓여져 있는 말을 위에 타고 있는 사람까지 함께 더해 들어올렸고, 서커스의 장사들과 씨름을 했고, 그들을 떨어뜨렸습니다.


Башка балбандар менен да көп жолу күрөшкөн.

다른 장사들과도 매우 많이 씨름을 했습니다.


Бирок эч качан бирөөдөн жыгылган эмес.

그러나 단 한 번도 떨어진 적이 없었습니다.


Бир жолу Суусамырдын Арамзаа жайлоосунда бир топ киши кымыз ичип отурса, ал жерге Кожомкул балбан да келип калат.

한 번은 수사므르의 아람자 여름목장에서 한 무리의 사람들이 크므즈를 마시고 있을 때, 그곳으로 코좀쿨 장사도 왔습니다.


Алар Кожомкулга:

그들은 코좀쿨에게


"Сени эч балбан дешет.

"너를 모두가 장사라고 부른다.


Чын эле балбан болсоң, мына бул ташты көтөрүп тиги чуңкурга орнотчу", - дешип, жоондугу бир кучак узун ташты көрсөтүшөт.

진짜로 네가 장사라면, 여기 이 돌을 들어서 저 구덩이에 세워라" 라고 말하고, 그는 두께가 한 아름 길이의 돌을 보여주었습니다.


Кожомкул ал ташты көтөрүп барып, казылган чуңкурга тикесинен коёт.

코좀쿨은 그 돌을 들어올리고 가서, 파여진 구덩이에 수직으로 세웁니다.


"Кожомкулдун ташы" аталган ал таш ошол жерде азыр да турат.

"코좀쿨의 돌" 이라고 명명된 그 돌은 바로 그 자리에 지금도 서 있습니다.


Аны Кожомкул балбан 1910-жылы көтөргөн экен.

그것을 코좀쿨 장사가 1910년에 들어올렸다고 합니다.


Ал таштын түбүнүн жоондугу 1 м 89 см., ортосунун жоондугу 1 м 70 см., уч жагынан жоондугу 1 м 60 см., бийиктиги 1 м 60 см.

그 돌의 아래쪽 둘레는 1m 89cm, 가운데 둘레는 1m 70cm, 꼭대기 둘레는 1m 60cm이고, 높이는 1m 60cm 입니다.


олбурлуу 건장한, 장대한, 건강한, 튼튼한 жылкы кайтаруу 목동 жашта 눈물을 흘리다 жашташ 동갑, 동년배 алдыр 1. (강제적으로) 전달하다, 전달받게 만들다 2. 허가하다, 인가하다 3. 도둑맞다 тарта 다양한 балбандык 힘이 장사임을 보여주는 행위 азоо 튼튼한, 깨진 적 없는 кунан 망아지 чуңкур 움푹한 곳, 우묵한, 움푹 꺼진, 구멍, 흠, 움푹 파인 곳, 구멍, 구덩이 жоондук 두께 кучак 한 아름 уч 끝, 꼭대기


=====


Кожомкул балбан качан, кайсы жерде туулган?

코좀쿨 장사는 언제, 어느 곳에서 태어났습니까?


Кожомкулду эмне үчүн балбан дейбиз?

우리들은 코좀쿨을 왜 장사라고 부릅니까?


Анын кандай балбандыктары бар экен?

그에게는 어떤 힘이 장사임을 보여주는 행위들이 있었습니까?


Арамзаа жайлоосунда кымыз ичип отургандар Кожомкулга эмне дешти?

아람자 여름 목장에서 크므즈를 마시고 있던 사람들은 코좀쿨에게 무엇을 말했습니까?


Кожомкул эмне кылды?

코좀쿨은 무엇을 했습니까?


"Кожомкулдун ташы" деп эмне үчүн айтылып калган?

"코좀쿨의 돌" 이라고 왜 명명되어버렸습니까?


Ал ташты Кожомкул качан көтөрүптүр?

그 돌을 코좀쿨은 언제 들어올렸다고 합니까?


Кожомкул көтөргөн таштын чоңдугу кандай экен?

코좀쿨이 들어올린 돌의 크기는 어땠습니까?


Кожомкул балбан жөнүндө ким дагы эмне билет?

코좀쿨 장사에 대하여 누가 또 무엇을 아나요?


Кожомкул атындагы сыйлык кимдерге берилет?

코좀쿨 이름이 붙은 훈장은 어떤 사람들에게 수여되나요?


чоңдук 길이, 크기


Posted by 활활이

댓글을 달아 주세요